Ак-Буурага кулаган автоунаанын жүргүнчүлөрүнүн бири табылды

Ак-Буурага кулаган автоунаанын жүргүнчүлөрүнүн бири табылды

Ак-Буурага кулаган автоунаанын жүргүнчүлөрүнүн бири табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 14-сентябрь күнү кечинде Ноокат районунда Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) болгон. Анда “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.

Унаадагы 3 адамдын ичинен бирөөсү аман калып, (1974-жылы туулган), жолдо бараткан унаанын жардамында Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Ал эми 2 жаран (1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган жаш бала) сууга агып кеткен.

Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын алкагында кечээ, 17-сентябрда 1956-жылы туулган кишинин жансыз денеси табылган.

ӨКМнын кызматкерлери маркумду суудан чыгарып, жакындарына өткөрүп беришкен.

Төрт жашар баланы издөө улантылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>