Site icon Reporter.kg

Ак илбирс фонду: Кыргызстанда кундуз түп орду менен жок болду

Кыргызстанда кундуз түп орду менен жок болду. Бул тууралуу Кыргызстандагы Ак илбирс фонду өз изилдөөсүнө таянып билдирди.

Фонд Туран жолборсу, кызыл карышкыр, жейренден кийин, эми барып, Кыргызстанда кундуз жок болгонун белгилейт.

«Биздин тоолордун тунук суулары жүздөгөн жылдар балыкка жана кундузга бай келген. Кундуздун сууда бар экени ал суунун тазалыгынын, экологиялык көйгөй жокко эсе экенин, адам менен жаратылыштын гармонияда жашагандыгынын көрсөткүчү болчу», — деп айтылат маалыматта.

Фонд кундуздун жок болушуна адам себеп болгонун билдирди.

«Изилдөөчүлөр менен Чоң_Алайдын Чак айылына болгон 2005-жылкы сапарыбызда кундуздун изин көргөн элек. Кундуздун жеми болгон балыктарды өтө азайтып, өзүн капканга кармап, сууларын бөгөп, суу боюндагы токойлорун кыркып отуруп, акыры кундузду жоготуп отуруп калдык. Кундуздун ордуна СССР убагында сырттан алынып келген Американын норкасы тарап, ал тоокканабызга чейин кирип зыян келтирип, эми жогото албай отурабыз. Сырттан алынып келген балыктар суудагы жергиликтүү балыктарга жаңы ооруларды таратып жергиликтүү балыктардын санын азайтты», — деп билдирет фонд.

Exit mobile version