Site icon Reporter.kg

Ак калпакты жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОдо катталды

12-декабрда Колумбиянын Багота шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКО комитетинин XIV өлкө аралык материалдык эмес маданий мурастарды сактоо сессиясында «Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты» номинациясы маданий мурастар тизмесине өттү.

Бул тууралуу «Кийиз дүйнө» уюмуна шилтеме берүү менен жарандык активист Чолпонбек Капарбек уулу өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине «Манас, Семетей, Сейтек» трилогиясы, төкмө акындардын өнөрү, ала кийиз, шырдак жасоо өнөрү, боз үйдү жасоо (Кыргызстан, Казакстан), Айтыш төкмөчүлүк өнөрү (Кыргызстан, Казакстан), лаваш, катырма, жупка, юфка жасоо маданияты (көп улуттук номинация), көкбөрү салттуу ат оюну киргизилген.

Мындан тышкары бул тизмеге Өзбекстандын Хорезм бийи, Беларус хороводу да кирди.

 

Exit mobile version