Атылган ак кунастар менен мактанып сүрөткө түшкөн жигит кармалды

Атылган ак кунастар менен мактанып сүрөткө түшкөн жигит кармалды

Жалал-Абад облустук милициясы өзгөчө  коргоого алынган, ак кунастарды атып, сүрөткө түшкөн жигитти кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 30-июль күнү Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында орун алган.

23 жаштагы Сузак районунун тургуну сайсыз ок атуучу куралы менен Кара-Дарыя дарыясынын жээгинен  3 даана ак кунасты атып, иниси экөө атылган ак кунастарды кармап, уюлдук телефонго сүрөткө түшүп, социалдык тармакка чыгарып жиберген.

Бул фактынын негизинде “Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу” беренеси менен  сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемалары жана фото таблицалары түзүлгөн. Ак кунастарды аткан жарандын сайсыз ок атуучу куралына акт түзүлүп, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.

 Учурда жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>