Site icon Reporter.kg

Ак-Ордодо уурулукка шектелген жаран электр мамыга таңылды (видео)

Бүгүн, 20-июнь күнү Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагынын Ак-Ордо конушунун тургундары ууру деп шек санашкан адамды кармап, электр мамыга таңышкан. Бул тууралуу социалдык тармакка видео тарады.

Ал видеодо жашоочулар бир нече мүлкүн уурдатышканын айтышты. Бүгүн колго түшкөнүн кишиге чапталып турган кагаз да тастыктайт. Таңып алып шылдыңдап, ызырынып жаткан үндөрдү угууга болот.

 

Азырынча милиция бул боюнча маалымат тарата элек.

Exit mobile version