Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Тепке айыл аймагынын Курбу айылында салына баштаган мектеп 200 орунга эсептелген. 3-апрелде район жетекчиси Мунарбек Насиров айыл тургундары менен бирге мектептин курулушуна капсула салган.
Мектептин сметалык баасы 47,1 млн сомду түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз