Site icon Reporter.kg

Ак-Талаада 27 жаштагы жигит сууга агып кетти

Ак-Талаада 27 жаштагы жигит сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Талаа районуна караштуу Жеңиш айылында 27-декабрь күнү 14:00дөр чамасында 27 жаштагы жигит Ала-Буга суусуна түшүп кеткен.

Аны издөөгө ӨКмнын куткаруучулары тартылып, саат 19:30та караңгы кирип кеткенине байланыштуу токтотулган.

Бүгүн, 28-декабрь күнү издөө иштери улантылат.

Exit mobile version