Site icon Reporter.kg

Ак-Талаада болгон жер титирөөдөн 100дөн ашык курулуш жабыркаган

12-майда болгон жер титирөөдөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жалпы 99 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үйү, 1 дүкөндүн дубалдарынан жарака кеткени аныкталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жабыр тарткан үйлөр көбунчө Көк-Жар (36 үй), Жаңы-Талап (28 үй, 1 маданият үйү) жана Ак-Кыя (21 үй, 1 мектеп) айылдарында катталган.

Жарака кеткен үйлөрдүн ичинен 53 турак үй камсыздандырылган эмес.

ӨКМ иликтөө иштери бүгүн, 14-майда да улантыларын билдирди.

Эске салсак, 12-майда Нарын облусунун аймагында күчү 4 балл жана экинчи ирет 5,5 балл жер титирөө катталган.
Exit mobile version