Site icon Reporter.kg

Ак-Талаада эки жарандан мылтыктар менен ок-дары алынды

Нарындын Ак-Талаа районунан куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз алып жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 26-декабрда рейд учурунда Жерге-Тал айылынын Эки-Чат кыштоосундагы сарайларда эки жарандан 4 сайсыз курал, 20 ок-дары табылып алынган. Аларда тиешелүү документтер болгон эмес.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары кармалгандар Чолок-Кайын айылынын 51 жаштагы Ж.О. жана Баетов айылынын 57 жаштагы М. А. аттуу тургану болгон. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Exit mobile version