Быйыл 1-марттан тарта «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ак-Талаа сектору иштей баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мекеменин филиалы Баетов айылында Балтабай көчөсү 79 дарегиндеги «Ак-Талаа районунун суу чарба башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин 1-кабатында жайгашкан. Ал жерде жарандарга транспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) жана унааларды эсепке алуу (чыгаруу) боюнча кызмат көрсөтөт.
Ал бөлүм дүйшөмбү-жума күндөрү, саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт (түшкү тыныгуу 12:00-13:00).
Транспорт каражаттарын каттоо тууралуу суроолор боюнча 03522 50923 номерине кайрылууга болот.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз