«Ак-Жол-автожол» – «Кордай автожол»  көзөмөл-өткөрүү пункттарында өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2,5 эсеге жогорулайт

«Ак-Жол-автожол» – «Кордай автожол»  көзөмөл-өткөрүү пункттарында өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2,5 эсеге жогорулайт

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол-автожол» – «Кордай автожол»  көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Көзөмөл-өткөрүү пункттарын ачуу аземине ошондой эле Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин да катышты.

Премьер-министр өз сөзүндө белгилегендей, өткөрүү пункттарын реконструкциялоо жана модернизациялоонун негизги максаты кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын кесип өткөн адамдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

«Өлкө жөнүндө алгачкы пикирлер чек арадан башталат. Ошондуктан жаңыдан ачылган өткөрүү пункттары эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берет жана заманбап жабдылган. Паспорттук көзөмөлдөн өткөрүү кабиналарынын саны көбөйтүлгөн, ал чек араны кесип өтүүчү жарандардын убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет. Өткөрүү пункттарынын ачылышы экспорт жана импорттун көлөмүн жогорулатууга, эки өлкөнүн транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган стратегиялык милдеттерди чечүүгө карай кадам болуп саналат», — деди өкмөт башчы Марипов.

Өз кезегинде Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин эки бир тууган республиканын экономикасы үчүн көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ачылышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Маалымдама: «Ак-Жол-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктун реконструкциялоо жана модернизациялоо иши 2020-жылы башталган. Долбоордун жалпы сметалык наркы 342,3 млн сомду түзөт.

Реконструкциялоодон соң көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2,5 эсеге жогорулайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>