Академик Аскар Какеев 86 жаш курагында көз жумду

Академик Аскар Какеев 86 жаш курагында көз жумду

Белгилүү окумуштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор, КРСУнун философия бөлүмүнүн башчысы Аскар Какеев 86 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев билдирди.

«Кыргызстандын билим, илим тармагында эмгектенип, бир кездерде Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министри (1993-1998) болгон жана өлкөбүздөгү көптөгөн адистерди тарбиялаган Какеев Аскар агайыбыздын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Агайдын дүйнө салганын угуп кабыргабыз кайышып, кайгырып турабыз», — деп жазган министр «Фейсбуктагы» баракчасына.

Аскар Какеев 1935-жылы 10-декабрда Чүй районунун Кегети айылында туулган.

Кыргыз Улуттук Университетинин биология факультетин аяктаган (1958), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын аспирантурасы (1963), академик, белгилүү философ, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.

1992-жылга чейин илимий жана окутуучулук ишмердүүлүк менен алектенип келген. Андан кийин ал өлкөнүн президентинин аппаратын жетектеген, Кыргыз Республикасынын статс-катчысы болгон.

1993-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин философия профессору болуп окутуучулукка кайтып келген.

1993-жылдан — Билим берүү министри.

2000-жылдан — КУУнун ректору, Президенттин кеңешчиси.

2011-жылдан — КРСУнун Илим философиясы кафедрасынын башчысы. Какеев иштеп чыккан негизги көйгөйлөр жана темалар: Кыргызстанда философиялык ой-пикирдин калыптанышы; 20-кылымдын экинчи жарымындагы Кыргыз Республикасындагы философиянын тарыхы; догматизмди сындоо; Эл аралык мамилелердеги кыргыз философиялык ой жүгүртүүсү; ачык коомдун көйгөйлөрү, эгемендүүлүктөн берки кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхынын көйгөйлөрү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>