Акаев: Иштей элек президенттин мөөнөтүн 2037-жылга чейин узартышты

Акаев: Иштей элек президенттин мөөнөтүн 2037-жылга чейин узартышты

Бүгүн эң негизгиси жеңин түрүп иштей элек президенттин мөөнөтүн узартып беришти. Бул тууралуу 11-мартта депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынынан соң журналисттерге билдирди.

Жанар Акаевдин айтымында, ал аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берген жана азыркы баш мыйзам менен Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтү узартылат.

«Жогорку Кеңештин депутаттары ар бир сессияда ушундай катышып, ушундай иштесе жакшы болмок. Кээ бир депутаттарды чет мамлекеттен чукул келтирип, айрымдарын абактан алып чыгып добуш бердиришти. Кечээ добуш берүү болгондо мыйзам долбоору өтмөк эмес.

Бүгүн эң негизгиси жеңин түрүп иштей элек президенттин мөөнөтүн узартып беришти. Ал азыркы баш мыйзам менен шайланды да, ошондо Садыр Жапаров 2037-жылга чейин президент болуп иштесин деген эле сөз болду», — деген Жанар Акаев

Жогорку Кеңештин 11-марттагы отурумунда референдум жөнүндө мыйзам долбоору экинчиүчүнчү окууда кабыл алынды. Жалпы 100 депутат каттоодон өтүп, «макул» деп 94, «каршы» деп 6 депутат добуш берди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>