Site icon Reporter.kg

«Акчаңды көбөйтүп берем». Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылы июль айында Х.Н. аттуу аял шаар тургунуна (Э.К. аттуу аялга) «акчасын көбөйтүп берем, Германиядан грант алууга көмөк көрсөтөм» деп 230 миң сомун алган. Бирок айтылган убада аткарылган эмес. Ага байланыштуу 2023-жылы 4-апрелде алданып, акчасын алдырып жиберген аял милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 57 жаштагы Х.Н. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда иликтөө уланууда.

Exit mobile version