Site icon Reporter.kg

Акчасы жок окуучуну түшүрбөй койгон автобустун айдоочусу жумуштан алдынды

Акчасын жоготуп жиберип жол кире төлөй албай калган 11 жаштагы баланы, үйүнүн жанынан түшүрбөй койгон №7 автобустун айдоочусу жутуштан алынды.

Бул маалыматты Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова  «Азаттыкка» ырастады.

Анын айтымында, бул окуя боюнча маалымат чыккандан кийин шаар бийлиги баланын ата-энесин таап, кечирим сурашкан.

Ошондой эле ал окуя териштирилип жатканын кошумчалаган.

Буга чейин «24.kg» сайты баланын апасына таянып, №7 автобустун айдоочусу анын баласын баласын үйүнүн жанынан түшүрбөй 1,5 чакырым алыс жерге таштап салганын жазып чыккан.

Буга окуучу 8 сом жол киресин жоготуп алып, жол кирени төлөй албай калганы негиз болгон.

Ал караңгы кирип кеткендиктен баласынын коопсуздугуна кабатыр болушканын айтып, №7 автобустун айдоочусу жүргүнчүлөргө орой мамиле кыларын билдирген.

Exit mobile version