Site icon Reporter.kg

Видео: Акчасын төлөп, батирге жете албай жаткандар бийликке кайрылды

Бишкек шаарында AVAcom курулуш компаниясынан батир алуу үчүн акчасын алдын ала төлөгөн жарандар же батирден, же акчадан кабар жок экенин айтып, нааразы болушууда. Бул боюнча Reporter.kg маалымат агенттигине өздөрү билдиришти.

Аталган компаниядан батир алгандардын айтымында, курулуш компаниянын директорунун камакка алынышы аларды тынчсыздандырууда. Батир алгандардын арасында пенсионерлер, чет жерде мигрант болуп иштеп, батирге деп жылдап чогулткан акчасын бергендер бар. Алар бул маселенин оң жагына чечилишине көмөк кылуу үчүн президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, маселени көзөмөлгө алууну суранышат.

Учурда аларды түйшөлтүп жаткан эки маселе бар.

Биринчи маселе

Үлүш ээлеринин айтымында, алар 2019-жылы аталган компания менен келишим түзүп, үлүштүк негизде батир алууга акча берген. Келишимге ылайык, компания Бишкек шаарындагы Ауэзов көчөсүндөгү дарек боюнча «Илбирс» турак үйүн салып, анын курулушу 2020-жылы жай айларында аяктамак. Бирок курулуш иштери созулуп, азыркы тапта үй толугу менен бүткөрүлө элек.

Бирок аларды азыр тынчсыздандырган биринчи маселе, AVAcom курулуш компаниясынын директору Азамат Имашевдин №1 тергөө абагында камакта болушу жана анын компаниясын банкрот деп жарыялоо боюнча соттук иш.

Аталган компаниядан батир алгандардын бири Динара Абдыкадырова билдиргендей, алар Азамат Имашевдин камакка алынганы тууралуу былтыр декабрь айынын башында билишкен. Алардын угушу боюнча, Имашев кайсы бир өнөктөштөрү менен байланыштуу окуя боюнча кармалган (Азамат Имашевдин жактоочусунун айтымында, Имашев «алдамчылык» иши боюнча кармалган — ред.).

«Декабрдын башында директор камалган. Бирок биздин иш боюнча эмес. Башка курулуш компанияга кирип, акча алганбы, биз ал жөнүндө билбейбиз. Азыр бул ишти Башкы прокуратура карап жатыптыр», — дейт ал.

Абдыкадырованын айтымында, курулуш компаниянын директору камалганын угушкандан кийин Азамат Имашевдин турак үй тургузулган жер үчүн карызы бар экенин билишкен. Ал кийин сатып алам деп, жерди ижарага алган. Ошол эле учурда, жер ээсинин компаниясы буйрутма аткаруучу (подрядчик) катары, аталган турак үйдүн курулушун жүргүзгөн. Учурда Имашев жер жана үйдүн курулуш иштери үчүн жердин ээсине акчаны толугу менен бербегендиктен, ал компанияны банкрот деп жарыялоо боюнча сотко кайрылган. Соттук отурум 27-январга дайындалган.

Мындан улам батир алган адамдарды санаага салган жагдай — Азамат Имашевдин камакка алынышына байланыштуу үйдүн курулушу дагы созулуп кетпейби, сотто AVAcom компаниясы банкрот деп табылып калса, кийин үйдүн курулушун бүткөрүү үчүн кошумча акча төлөп калышпайбы, мындан ары эмне кылышат деген маселе турат.

Экинчи маселе

Андан тышкары Абдыкадырова билдиргендей, бир батирди эки кишиге саткан учурлар болгону белгилүү. Бир батир эки адамга сатылгандыктан бирөөсүнүн Мамлекеттик каттоо кызматында өткөн каттоосу бар болсо, экинчисиники жок.

Аталган турак үйдө жалпы 99 батир бар. Анын ичинен 30га жакын батир бир кишинин, алты батир дагы бир адамдын наамына жазылган.

«Азамат Имашев бул эки кишиден карыз алгандыктан, ал батирлерди күрөөгө бергенин айтып жатат. Бул батирлер негизи элдики дейт. Батирлерди күрөөгө коюп бергенби, сатканбы, билбейбиз. Бирок алар мыйзамдуу түрдө каттоодон өтүп алган. Ал ортодо акчасын берип, бирок каттоосу жоктор күйүп жатат», — дейт ал.

Динагүл Акматова — AVAcom компаниясынан батир сатып алгандардын бири. Ал былтыр батир сатып алганын, бирок жакында эле ал батирдин ээси бар экенин билип калганын айтат.

«2022-жылы 23-апрелде риелтор аркылуу батир сатылып жатканын билдим. Риелтор менен компаниянын кеңсесине келгенде, директор Имашев отуруптур. «Батирлер бар, кызым ооруп жатат, азыр Түркияда, ошон үчүн батирди сатып жатам» деди. Ошондо батирди экинчи жолу сатып жаткан жоксузбу деп сурадым. Ал күлүп, «мен белгилүү кишимин, кадыр-баркым бар. Цирктин жанында бизнес борбор бар, ал меники» деп калды. Үйдү көрүп келдик, мага район жакты. Андан кийин кеңсесинен келишим түзүп, акчасын санап бердим. Эми эмне кылышым керек, башка бир жерге барыш керекпи деп сурадым. «Болду, батирлүү болушуңуз менен куттуктайм» деп куттуктаган», — дейт ал.

Акматова келишим түзүлгөндөн кийин курулуштун жүрүшүн көрүү үчүн жума сайын үй салынып жаткан жерге барып турган. Бирок үй жай салынып жаткандыктан, курулуштун жүрүшүнө ичи чыккан эмес. Күмөн санап, батир сатып алган башка адамдарды табууга аракет кылган. Бирок эч кимдин номерин ала алган эмес.

«Келишим түзүлгөндөн кийин, Мамлекеттик каттоо кызматынан каттоодон өткөрүү керектигин Имашев да, катчысы же риелтор да айткан эмес. Таныштарыман сурасам, «үй салынып бүтүп, колго ачкычты алгандан кийин каттоодон өткөрүү керек» дегенинен кийин санаам тынчыган.

Эми турак үйдө 90дон ашык батир болсо, жарымынан көбү каттоодон өткөрө электигин билдим. Баары ага ишенген. Сурагандардын баары «биз ага ишенгенбиз, колго ачкычты алгандан кийин каттоодон өткөрмөкпүз» дешти», — дейт ал.

Эми ал курулуш компаниядан акчаны кайтарып берүүнү же сатып алган батирин берүүнү талап кылат.

«Мага акчаны кайтарышсын же батирди беришсин», — дейт ал.

Аталган компаниядан батир алгандар эми бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, маселени көзөмөлгө алууну суранышат. Ошондой эле алар маселенин чоо-жайын түшүндүрүп берүү үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевден жолугушууну өтүнүшөт. Себеби, Азамат Имашевге козголгон иш прокуратура тарабынан тергелүүдө.

Алар салынып жаткан турак үйдүн курулушун бүткөрүүгө жана батирлеринин берилишине же акчаларынын кайтарылышына көмөк көрсөтүүнү суранышат.

Бул жагдай боюнча комментарий алуу үчүн камакта болгонуна байланыштуу Азамат Имашевдин өзү менен сүйлөшүүгө мүмкүн болбогондуктан, анын жубайына байланыштык. Бирок ал комментарий берүүдөн баш тартты.

Андан кийин Имашевдин жактоочусу менен байланышканыбызда, жактоочусу Имашев комментарий берүүгө уруксат бербегенин айтып, комментарий бере албай турганын билдирди.

Ошол эле учурда бул маселе боюнча экинчи тарап өз позициясын айтууга макул болсо, Reporter.kg алардын оюн чагылдырып берүүгө даяр.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version