Акматова: Коронавирустун бар-жогун аныктоо үчүн жеке клиникалардан акча төлөп өтүүгө болбойт

Акматова: Коронавирустун бар-жогун аныктоо үчүн жеке клиникалардан акча төлөп өтүүгө болбойт

Коронавирустун бар-жогун аныктоочу тестти жеке менчик клиникалардан акча төлөп өтүүгө азыр болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Акматованын маалыматына ылайык, учурда чет жактан кайтып келгендер жана COVID-19 вирусун жуктургандар менен байланышта болгондор гана тест аркылуу текшерилип жатат. Эгерде кимде-ким оорулуу адам менен байланышкан болсо ыкчам линиясына байланышуусу керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>