«Акнет» ишканасы боюнча тергөө иши аяктады

«Акнет» ишканасы боюнча тергөө иши аяктады

«Акнет» ишканасына карата козголгон иштер боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

«Тыкыр иликтөөнүн жүрүшүндө «Акнет» ишканасынын  президенти Кубан Ажимудиновдун жалпы  суммасы 616  миллион 816 миң  112 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качкандыгы боюнча кошумча факты аныкталган. Мындан сырткары 384 миллион 901 миң  130 сомдук акча каражатын кассага киргизбестен мыйзамсыз ээлеп алуу фактысын аныкташкан. Азыркы учурда «Акнет» ишканасынын  президентине карата кылмыш иши аяктап, Башкы прокуратурага жиберилди», — деп жазылат маалыматты.

«Акнет» ишканасына карата Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматты кылмыш ишин козгоп, ишти тергөөнү март айында ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>