Site icon Reporter.kg

АКШ аймагынан Венесуэлага хаккердик чабуул болду

Венесуэладагы Banco de Venezuela банкына хаккерди чабуул АКШ аймагынан болду. Бул туурасында аталган өлкөнүн аткаруучу вице-президенти Дельси Родигес жергиликтүү журналисттер менен жолукканда айтканын маалыматтар каражаттары жазып чыгышты.

Ал хаккердик чабуул АКШ өлкөсүнүн аймагынан болуп жатканын таап чыгышкан. Соңку 5 күндөн бери мындай чабуул токтой элек, коргонууну күчөтүп жатабыз. Ушул тапта да ар бир чабуулду каттоого алып жатышат деди.

Буга чейин да Венесуэла бийлиги хаккердик чабуул болгонун билдирген болчу.

Exit mobile version