АКШ ДССУдан чыга тургандыгы жөнүндө БУУга расмий кабарлады

АКШ ДССУдан чыга тургандыгы жөнүндө БУУга расмий кабарлады

АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан (ДССУ) чыга тургандыгы жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) расмий кабар берди.

Вашингтон 6-июлда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке бул уюмдан бир жылдан кийин чыгарын билдирди.

Кошмо Штаттар — ДССУдагы ири донорлордун бири. Уюмдун бюджетинин 15% жакынын АКШ берет. Президент Дональд Трамп буга чейин ДССУну «Кытайдагы жаңы коронавирустун жайылышы тууралуу так маалыматтарга көңүл бурган эмес, өтө жай аракеттенген жана Бээжиндин кысымына алдырган»​ деп айыптап чыккан.

Пандемия дүйнөлүк экономиканын ылдыйлашына, жумушсуздуктун көбөйүшүнө алып келди. Бул көрүнүш ноябрда экинчи жолу кайра шайланууга умтулуп жаткан президент Трамптын саясий келечегине сокку урушу мүмкүн.

Трамптын Америкадагы эпидемияны ооздуктоого байланышкан аракеттерин анын саясий оппоненттери сындап жүрүшөт. Сындагандар Трамп өз күнөөсүн ДССУга оодарууну көздөп жатканын айтып жатышат.

АКШ — COVID-19дан катуу жабыркаган мамлекеттердин бири. Акыркы маалымат боюнча, өлкөдө коронавируска чалдыккан 3 097 084 учур катталды. Вирус 133 972 кишинин өмүрүн алды.

Тэги: АКШ ДСУ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>