Site icon Reporter.kg

АКШ: Концертте тепсендиден каза болгондордун саны онго жетти

INDIO, CA - APRIL 14: Rapper Travis Scott performs on the Outdoor Stage during day 1 of the Coachella Valley Music And Arts Festival (Weekend 1) at the Empire Polo Club on April 14, 2017 in Indio, California. (Photo by Christopher Polk/Getty Images for Coachella)

Американын Техас штатында рэпер Трэвис Скоттун концертинде тепсендиде каза болгондордун саны онго жетти. 9 жашар бала да ооруканадан көз жумду.  Бул тууралуу  РИА Новости жазып чыкты.

Каза тапкан Эрзы Блаунттун үй-бүлөсүнүн жактоочусу өткөн жумада 9 жашар бала ооруканада мээси чайкалып, бөйрөгү менен боорунан жаракат алып жатат деп билдирген. Ал эми бүгүн ал каза тапты.

“Блоунттун үй-бүлөсү бүгүн сүйүктүү кичинекей уулун акыркы сапарга узатты. Түшүнүксүз жоготууга аза күтүүдө… Биз бул үй-бүлө үчүн жооп издеп, адилеттик издөөгө ниеттенип жатабыз” деген жактоочу.

Буга чейин Травис Скотттун концертинде 8 адам сахнанын жанындагы тыгындан каза болсо, дагы 17 киши ооруканага жеткирилген. 5-ноябрда башталган, экинчи күнү трагедиядан улам токтогон. Иш-чарага 50 миңдей көрөрман келген.

Exit mobile version