АКШ кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө Кыргызстанга жардам берүүнү сунуш кылды

АКШ кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө Кыргызстанга жардам берүүнү сунуш кылды

Кыргызстандын Тышкы иштер министри менен Американын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу видеоконференция аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Сүйлөшүү учурунда алар эки тараптуу кызматташтык келишимин түзүү жана, эки тарап тең каалаган маселелерди тез арада чечүү боюнча пикир алышкан.

Дональд Лу Тышкы иштер министри Казакбаевге кайрылып, уюшкан кылмыштуу топтордун ири ишмерлерин иликтөөдө жана жоопко тартууда АКШнын укук коргоо органдарынын көмөгүн сунуштап, жана эл аралык кылмыш түзүмдөрүн үзгүлтүккө учуратууда жана кыйратууда АКШга таянууга чакырган.

Ошондой эле, элчи конституциялык өзгөртүүлөр боюнча коомдук кеңири талкууга убакыт берүү керектигин АКШ кубаттай турганын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>