АКШ Кыргызстанга карата виза чектөөсүн жокко чыгарды

АКШ Кыргызстанга карата виза чектөөсүн жокко чыгарды

20-январда АКШнын президенти Джо Байден Кыргызстандан иммигранттар үчүн кирүүнү токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк визаларын берүүдөгү чектөөлөрдү жокко чыгарган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтү акыркы 12 айда саякат коопсуздугун камсыз кылган олуттуу жакшыртууларды жогору баалайбыз. Биометрикалык идентификация чиптерин камтыган Кыргызстандын электрондук паспорттору иштелип чыгып, даярдануунун акыркы баскычында турат. Бул паспорттор Кыргызстандын жарандарына коопсуз жана ыңгайлуу жол менен камсыз кылат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Интерпол менен кызматташууну өркүндөтүп, кылмыштуулук жана терроризм боюнча маалымат алмашууну көбөйттү. Кыргыз Республикасынын жаңы электрондук паспорттору жана укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташтыгы биздин жалпы коопсуздукту Кыргызстанда дагы, ошондой эле бүткүл дүйнө жүзү боюнча дагы жогорулатат», — деп билдирди элчилик.

COVID-19 пандемиясын эске алып, АКШнын дүйнө жүзүндөгү элчиликтеринде виза берүү кескин чектелген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>