АКШ Кытайдын TikTok соцтармагына бөгөт коет

АКШ Кытайдын TikTok соцтармагына бөгөт коет

Кытайдын ByteDance компаниясына караган TikTok социалдык тармагына АКШ өз аймагында бөгөт коет. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Fox News телеканалына берген интервьюсунда айткан.

АКШнын мамкатчысы бул түйүндү колдонгондордун өздүк маалыматтары Кытай коммунистик партиясынын колуна түшө турганын  эскертип, аны жабуу үчүн АКШ бардык зарыл чараларды көрө тургандыгын баса белгилеген.

Июнь айынын соңунда Индия Кытайдын  59 мобилдик колдонмолоруна бөгөт койгон. Алардын арасында TikTok, UC Browser браузери, WeChat мессенджери дагы бар. Индия бийлигинин айтымында, буга окшогон колдонмолор өлкөнүн маданиятына, эркиндигине жана улуттук коопсуздугуна таасирин тийгизиши мүмкүн.

TikTok социалдык түйүнүнө колдонуучулар 15 секунддук ырдап, бийлегендери тартылган жана анимация менен коштолгон кыска видеолорду жүктөшөт.  

Бул түйүн Кыргызстанда дагы шоу бизнес өкүлдөрү менен жаштар арасында популярдуу болуп жаткан тиркемелердин бири.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>