Site icon Reporter.kg

АКШ менен Кыргызстандын өкүлдөрү санкция маселелерин талкуулашты

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар санкциялык маселелердин эки тарапка тең алгылыктуу чечимдерин табуу үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана консулдук-укуктук чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Exit mobile version