Site icon Reporter.kg

АКШ: Остин университети студенттерге TikTok колдонууга тыюу салды

Техас штатындагы Остин университети студенттерге кытайлык TikTok социалдык тармагын кампуста колдонууга тыюу салды. Мындай чаралар Кытай бийлигине маалыматтар түшүп калуу коркунучунан улам көрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда  Bloomberg  билдирди.

Анын маалыматына караганда, мындай чечим Техас штатынын губернатору Грег Эбботт мамлекеттик кызматкерлерге социалдык тармакты мамлекет чыгарган түзмөктөрдө колдонууга тыюу салгандан кийин кабыл алынган.

«Университет ТикТокко кирүүгө биротоло бөгөт коёт жана университеттин интернет тармактары аркылуу тиркемени колдонууга тыюу салат«, — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Алабама жана Оклахома штаттарындагы университеттер да TikTok тиркемесин жаап салышкан. CNN телеканалынын маалыматы боюнча, АКШ штаттарынын жарымынан көбү кытай социалдык тармагын расмий түзмөктөрдө колдонууга жарым-жартылай же толугу менен тыюу салган. Алар тиркеме колдонуучу маалыматтардын чоң көлөмүн чогултуп, АКШнын инфраструктурасын аялуу абалга келтирет деп кооптонушат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version