Site icon Reporter.kg

АКШ Райым Матраимовдун кылмыш иши боюнча комментарий берди

АКШ элчилиги Райымбек Матраимов боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин ишине дагы башка адамдар катышкандыгын белгилейт. Элчиликтен келген комментарий социалдык тармактарда жарыяланды.

«АКШ элчилиги УКМКнын Матраимовдун ишин иликтөөсүнө эми коррупциялашкан шериктери кирет деп белгилейт. Тергөө жана жоопко тартуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана кыргыз элинин нанын уурдагандарды адилеттүү жоопко тартууга өбөлгө түзөт»,  – деп жазышкан алар социалдык тармактарда.

 

Буга чейин УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары  Райымбек Матраимовго карата сотко чейинки өндүрүштү улантып, анын алкагында бүгүнкү күнгө чейин бажы кызматынын башка кызматкерлеринин коррупциялык схемаларга катыштыгы бар экендиги аныкталгандыгы маалымдалган.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ошол эле учурда аталган башкармалыкта коррупцияга аралашкан айрым бажы кызматкерлеринин аракеттеринен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иш улантылууда.

Exit mobile version