АКШ визага чектөө киргизген өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан да бар

АКШ визага чектөө киргизген өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан да бар

АКШ бийлиги  бир топ өлкөлөргө виза берүүгө чек коюу маселесин карап баштады. Wall Street Journal басылмасынын маалыматына ылайык, тизмеде Кыргызстан да бар.

Мындан сырткары  Беларусия, Эритрея, Мьянма Нигерия, Судан жана Танзания сыяктуу өлкөлөдүн жарандарына Дональд Трамп тарабынан виза берүүгө чек коюу маселеси демилгеленген.

Шаршемби күнү АКШнын президенти басылмаларга берген маегинде өлкөгө кирүүгө чек коюлган мамлекеттердин тизмеси кеңейгенин тастыктаган. Бирок тизмеге кайсы өлкөлөр киргенин ачыктаган эмес.

«Бул чечим биздин өлкөдө жана дүйнөдөгү коопсуздукту бекемдөө маселесинде эң ийгиликтүү иш-чара болду”, — деген Ак Үйдүн басма сөз катчысын орун басары Хоган Гидли.

Айрым басылмалардын маалыматына караганда, бул чечим тизмеге кирген өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүгө таптакыр тыюу салынат дегенди билдирбейт. Толук маалымат тийиштүү жарлык жарыялангандан кийин белгилүү болот. Ал 27-январда жаряланат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>