АКШда Өкүлдөр палатасы Дональд Трамптын импичменти боюнча добуш берери күтүлүүдө

АКШда Өкүлдөр палатасы Дональд Трамптын импичменти боюнча добуш берери күтүлүүдө

Бүгүн АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трамптын импичменти боюнча добуш берери күтүлүүдө.

АКШнын Конституциясына ылайык, импичмент – мамлекетке чыккынчылык кылуу, пара алуу же башка оор кылмыштар үчүн президентти кызматтан четтетүү жараяны. Трамп «кызмат абалынан кыянат пайдаланды» жана «Конгресстин иликтөө ишине тоскоолдук кылды» деп күнөөлөнүп жатат. Эгер Өкүлдөр палатасы айыптоолорго макул болсо, Трамп АКШда импичмент жараянына кабылган үчүнчү президент болуп калат.

АКШнын тарыхында эки президент – 1868-жылы Эндрю Жонсон жана 1998-жылы Билл Клинтонго ишеним көрсөтпөө жараяны жүргүзүлгөн. Экөөнүн тең иши Сенатка жетип, бирок андан колдоо тапкан эмес.

Өкүлдөр палатасы 1974-жылы Ричард Никсонго каршы импичмент жарыялаган. Бирок ал иш Сенатта каралганга чейин эле кызматтан кеткен.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин быйыл 25-июлдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган.

Атайын кызматтагы булак анда «Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган» деп маалымат берген.

Жо Байден — 2020-жылдагы шайлоодо демократтардын атынан Трампка атаандаш болушу ыктымал экени айтылган саясатчылардын бири.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>