Site icon Reporter.kg

АКШда эки кыргызстандык коронавирус жайылып жаткан круиздик кемеде жүрүшөт

Mandatory Credit: Photo by Photosport/Shutterstock (1008689f) Grand Princess Cruise Ship Monte Carlo, Monaco - Jul 2009

АКШнын Калифорния штатындагы «Grand Princess» круиздик лайнериндеги эс алуучулардын арасында коронавирус менен жабыркагандар бар экени 5-мартта аныкталган. Буга карата Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШдагы, Канададагы элчиликтери кошмо штаттардагы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана «Princess Cruises» компаниясына кайрылган.

Тышкы иштер министри тараткан маалыматта, 6-мартта аталган бортто Кыргызстандын 2 жараны бар экени аныкталды.

«Элчилик кемедеги Кыргызстандын эки жараны менен түз байланышты. Алар өздөрүн жакшы сезип жатканын жана экипаждын мүчөлөрү 3 маалдан тамак берип, бардык жүргүнчүлөрдү каюталарда кармап жатканын айтышты», — деп жазылат маалыматта.

ТИМ «Grand Princess» кемесиндеги Кыргызстандын жарандары менен дайыма байланышта болуп, көзөмөлгө алышууда.

Бүгүн, 9-мартта «Grand Princess» круиздик кемеси медициналык жардамга муктаж болгон жүргүнчүлөрдү лайнерден түшүрүү үчүн Калифорниянын Окленд портуна барат.

Exit mobile version