Site icon Reporter.kg

АКШда иштеген кыргыз кыз өзүнүн стартапына 5,1 млн инвестиция тартты

АКШда иштеген Айзада Марат кызы өзүнүн Alma долбооруна 5,1 миллион доллар инвестиция тарта алды.

Маалыматка караганда, анын стартапына Калифорния штатындагы алдынкы фонддор акча салышкан.

Айзада Марат  — Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү.

Alma долбоору миграциялык процесстерди жөнөкөйлөштүрүүгө, виза алуунун жолун санариптештирүүгө багытталган.

Exit mobile version