Site icon Reporter.kg

АКШда кыргызстандык үй-бүлө киши колдуу болду. ТИМдин маалыматы

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда кыргызстандык үй-бүлөнүн киши колдуу болгону тууралуу маалыматты тастыктады.

АКШнын укук коргоо органдары Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулдугуна берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандары — 45 жаштагы М.А., анын 48 жаштагы жубайы А.Б. жана алардын 2019-жылы туулган уулу М.А. киши колдуу болгон.

Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат жана тергөөнүн купуялуулугу үчүн окуянын толук чоо-жайы айтыла элек. Ошондой эле башкы консулдук каза болгондордун жакындары менен байланышып, сөөктөрдү мекенине жеткирүүгө байланыштуу маселелерди чечип жаткандыгы айтылды.

 

Exit mobile version