Site icon Reporter.kg

АКШда кыргызстандык жаран жол кырсыктан каза болду

АКШда 59 жаштагы кыргызстандык жаран М.П. жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Маалыматта айтылгандай, окуя 27-апрелде болгон. Жаран унаалардын кагылышынан оор жаракат алып, окуя болгон жерден жан берген.

«Маркумдун үй-бүлөсүнүн чечимине ылайык, аза күтүү жана жерге берүү аземи 1-майда АКШда өткөрүлдү»,- деп айтылат маалыматта.

 

Exit mobile version