Site icon Reporter.kg

АКШда мектепте ок атылып, үч өспүрүм өлдү — видео

Американын Оксфорд шаарында (Мичиган) 15 жаштагы өспүрүм мектепте ок чыгарып, үч өспүрүм өлүп, сегизи жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ок чыгарган бала кармалды, анын аракетинин себептери азырынча белгисиз. Жигит атасынан ок атуучу куралды алган.

«Такталган маалымат боюнча, каза болгон үч адамдын арасында 16 жаштагы жигит жана он төрт жана он жети жаштагы эки кыз бар. Жаракат алган сегиз жаран ооруканада», — деп жазылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, полиция ыкчам реакция кылган: кол салган адам кылмыштан 5 мүнөттөн кийин кармалган. Жергиликтүү Куткаруу кызматына (911) мектепте ок атууну уккан адамдардан жүзгө жакын чакыруу түшкөн.

Exit mobile version