АКШда полиция мугалимге кол көтөргөн 8 жашар баланы кармады, – видео

АКШда полиция мугалимге кол көтөргөн 8 жашар баланы кармады, – видео

АКШда полиция мугалимге кол көтөргөн 8 жашар баланы кармап, колуна кишен тагып жаткан видео интернет колдонуучуларынын талкуусуна айланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. 

Маалыматка ылайык, окуя АКШнын Флорида штатындагы Ки-Уэст шаарында болгон.  Анда мугалимге кол көтөргөн 8 жашар баланын үстүнөн арызданышып мектепке полиция кызматкерлерин чакырышкан.

Полиция “колго түшкөн” баланы тескери каратып, колуна кишен салууга аракет кылып жатканы тасмага түшүп калган. Бирок видеодо көрүнгөндөй баланын колуна кишен сала албай коюшкан.  Анткени алар жаш балдарга эсептелинген эмес.

 Окуучу кармалгандан кийин анын аракети уруп-сабоо фактысы менен укук бузуу катары катталган. 

Бирок бир аз убакыттан кийин тергөөчү окуучуга карата айыптоону жокко чыгарган.

Ал эми баланын ата-энеси мектеп жетекчилери менен полиция кызматкерлеринин  үстүнөн сотко кайрылган. Алар полиция ашыкча күч колдонуп, мугалимдерде болсо баланын “өзгөчө” психологиялык абалы тууралуу маалыматтар болгон деп айыпташууда.

Полиция жетекчилиги укук коргоо кызматкерлери оперативдүү иш-чаралардын стандартарына ылайык иш алып барышкан деп билдирүү тараткан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>