АКШда Садык Шер-Нияз негиздеген Эл аралык кинофестиваль башталды

АКШда Садык Шер-Нияз негиздеген Эл аралык кинофестиваль башталды

Жогорку Кеңештин депутаты, кинорежиссёр Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген Эл аралык Азия кинофестивалы (Asian World Film Festival) быйыл Лос-Анжелес шаарында өтүп жатат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Дүйнөлүк кинонун ордосу -Лос-Анджелесте 50дөн ашык өлкөнүн кино дөө-шааларынын башын кошкон Азия кинофестивалы бүгүн өз ишин баштап, аны Садык Шер-Нияз ачып, элдер дуу кол чапканына кыргызстандык делегация зор сыймык менен коштоп, кол чаап отурдук”, — деп жазган ал.

Фестивалда  «Мыкты фильм», «Мыкты актер», «Мыкты актриса» ж.б. 5  номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылат.

Аталган фестиваль Садык Шер-Нияз тарабынан 2015-жылы негизделген. Анда Азия өлкөлөрүнүн мыкты, басымдуу бөлүгү Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн тасмалар коюлат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>