Жеңил унаа айдап качкан 11 жашар бала чоң энесинин өмүрүн сактап калды

Жеңил унаа айдап качкан 11 жашар бала чоң энесинин өмүрүн сактап калды

АКШда жеңил унаа айдап качкан 11 жашар бала чоң энесинин өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, АКШнын Индиана штатында Брюер Лей аттуу 11 жаштагы бала чоң энеси менен үйүнөн бир нече чакырым алыстыкта сейилдеп жүргөн. Ушул учурда чоң энеси өзүн жаман сезип, баса албай отуруп калган. Бул абалды көргөн небереси үйүнө барып, чоң энесинин Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаасын айдап келген. 

“Жол белгисине таянып тура калсам эле жолдун оң жагында менин автоунаам  шашпай жана жай мени көздөй келе жатат. Ким айдап келе жатат деп карасам, рулда неберем отуруптур. Пи Джей Брюер-Лей 11 жашта болгонуна карабастан, ал автоунааны дасыккан айдоочудай эле айдайт экен”, — деген чоң энеси.

Ал чоң энесин үйүнө жеткирип, ыкчам медициналык жардам көрсөтүлүп, чоң энесинин өмүрүн сактап калышкан.   

Брюер-Лей ага чоң атасы автоунаа айдаганды үйрөткөнүн, бирок өз алдынча биринчи жолу айдаганын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>