Site icon Reporter.kg

АКШда жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза тапты

АКШда 25 жаштагы кыргызстандык жаран жол кырсыгынан улам каза тапты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

ТИМдин маалыматы боюнча, АКШнын Канзас штатында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Гудленд жана Колби шаарларынын ортосунда болгон жол кырсыгынан 2000-жылы туулган Кыргызстандын жараны Ш.Б. каза болгон.

Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулдугу жергиликтүү бийлик органдары жана маркумдун жакындары менен байланышта. Сөөктү мекенине жеткирүү боюнча иштер алынып барууда.

 

Exit mobile version