АКШда жол кырсыгында каза болгон жигиттердин сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, «Жүк 200» 8-март күнү «Манас» эл аралык аэропортуна келип түшкөн.
Эскерте кетсек, АКШнын Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында 3-март күнү 2002-жылы туулган Актилек Бактыбеков жана 2003-жылы туулган Төлөбек Эсенбеков жол кырсыгында каза болду. Алардын унаасы бузулуп, жол четинде турган кезде мас абалында рулду башкарып бара жаткан айдоочу артынан сүзгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз