АКШдагы Флойддун өлүмү. Полиция кызматкери 40 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

АКШдагы Флойддун өлүмү. Полиция кызматкери 40 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө себепкер полиция кызматкери Дерек Шовинге тагылган айыптоолор оор беренелер менен алмаштырылды. Бул тууралуу америкалык басылмалар Миннесота штатынын башкы прокурорунун кеңсесине шилтеме жасоо менен билдиришти.

Үчүнчү даражадагы киши өлтүрүү айыбы менен камакка алынган Шовинге эми экинчи даражадагы киши өлтүрүү беренеси тагылууда. Ал 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Fox News маалымдагандай, Флойдду кармоого катышкан дагы үч полиция кызматкери камалды. Жей-Александр Куенг, Томас Лейн жана Ту Тао кылмышка көмөктөшүү жана шыкакчы болууга айыпталууда.

Төрт полиция кызматкери тең жумуштан бошотулган.

Жасалма акча үчүн айыпталган 46 жаштагы Жорж Флойд 25-майда полиция тарабынан кармалгандан кийин, ооруканада каза тапкан. Анын кармалган учуру тартылган видео Интернетке тараган. Анда полиция кызматкери Дерек Шовин Флойддун мойнун тизеси менен басып турганы, Жорж дем ала албай калганын айтып жатканы тартылган.

АКШда Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин расалык теңсиздикке каршы толкундоолор токтой элек. Өлкөнүн 40тан ашуун шаарларына коменданттык саат киргизилип, Улуттук гвардиянын аскерлери коомдук тартипти камсыз кылууга тартылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>