Site icon Reporter.kg

АКШдан баңгизат алып турган. Милиция шектүүнү кармады

Бишкекте АКШдан «гашиш майы» баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси (Кыргызстандын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген предметтердин контрабандасы) жана 282-беренеси (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагындагы атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө трансулуттук баңги топторунун ишине бөгөт коюлган.

«11-майда Бишкек шаарында баңгизатын алып жаткан 1992-жылы туулган И.Р. аттуу борбор калаанын тургуну кармалган. Учурдагы ыкчам маалыматтарга ылайык, АКШдан бир адам ага азык-түлүктүн идиштерине салынган баңгизатты жөнөтүп турган», — деп айтылат маалыматта.

Шектүүдөн алынган баңги каражаттарынын жалпы салмагы 970 граммды түзгөн.

«Ошондой эле, бул «гашиш майы» баңгизаты электрондук тамекилерге жана вейптерге куюуга арналганын белгилей кетүү керек. Көмүскө базарда 1 грамм «гашиш майы» баңгизаты толтурулган капсула 100 доллар турат», — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version