Site icon Reporter.kg

АКШдан ташылып келген 18 миң тонна күрүч таштандыга ыргытылды

Ош облусунда АКШдан ташылып келген 18 миң тонна күрүч жараксыз деп табылып, таштандыга ыргытылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Оштогу «Кара-Суу Темир Жолу» көзөмөл пунктундагы фитосанитардык текшерүүдө АКШнын Mercy Corps уюму тарабынан жөнөтүлгөн күрүчтөр толугу менен жараксыз экени аныкталган.

Жыйынтыгында аталган жүк Ош шаардык таштанды таштоочу жайында жок кылынган.

Exit mobile version