Site icon Reporter.kg

АКШнын аткаминеринин Тайванга келиши Кытайдын кыжырына тийди

АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси шейшемби күнү кечинде Тайванга келип, акыркы 25 жыл ичинде Кытай өзүн-өзү башкарган аралга барган эң жогорку даражалуу америкалык аткаминер болуп калды.

Пелосинин сапары Кытай менен АКШнын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө себеп болду. Кытай Тайвань өз аймагынын бир бөлүгү, керек болсо күч менен аннексияланышы мүмкүн деп ырастап, чет элдик бийлик өкүлдөрүнүн сапарларын аралдын эгемендигин таануу катары баалайт.

Кытай Пелоси сапарын улантса, «күчтүү жана чечкиндүү чара көрүлөөрүн» эскертти. Байдендин администрациясы аны визиттен баш тартууга ачык үндөгөн жок, бирок бул АКШнын Тайванга карата саясатында эч кандай өзгөрүү болбойт деп Бээжинди ишендирүүгө аракет кылды.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминьдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өз борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет.

Булак: euronews.com

Exit mobile version