Site icon Reporter.kg

АКШнын Кыргызстанга киргизген визалык чектөөсү жакында алынышы мүмкүн

Америка кошмо шаттарынын Кыргызстанга киргизген визалык чектөөсү жакынкы бир нече айда кайра алынышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Жонатан Хеникке таянып, журналист Перизат Бакытова “Инстаграммдагы” баракчасын жазды.

Журналисттин айтымында, соңку апталардан бери кыргыз өкмөтү АКШ менен тыгыз иштеп, конструктивдүү диалог жүргүзгөнгө жетишкенин Хеник билдирген.

Ошондой эле журналист АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстан Борбор Азиядагы демократияга умтулган лидер өлкө катары эсептерин жазган.

Журналист Перизат Бакытова учурда АКШда иш сапары менен жүрөт.

Белгилей кетсек, 31-январда АКШ бир ктаар өлкөлөргө кошуп Кыргызстанга визалык чектөө киргизген.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мунун себебин Кыргызстан электрондук биометрикалык паспорт бербегени менен түшүндүргөн.

 

сүрөт: azattyk

Exit mobile version