Site icon Reporter.kg

АКШнын мамкатчысынын орун басары Кыргызстанга келет

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Узра Зея менен эл аралык майыптар укуктары боюнча атайын кеңешчи Сара Минкаранын коштоосунда 11-16-апрель күндөрү Казакстан жана Кыргызстанга келип, Борбор Азия маселесин талкуулайт. Бул туурасында Американын Кыргызстандагы элчилигинен билдирди.

Маалыматка караганда, Казакстанда катчынын орун басары Зея жогорку даражалуу өкмөт өкүлдөрү менен жолугуп, АКШ-Казакстан эки тараптуу өнөктөштүгүн бекемдөө жана көбүрөөк байланышта, гүлдөп-өскөн жана коопсуз Борбор Азияны түзүү маселелерин талкуулайт.

Зея андан соң Бишкекке келет, ал жерде эки тараптуу жана глобалдык маселелер боюнча кызматташтыкты арттыруу жана демократиялык институттардын маанилүүлүгүн талкуулоо үчүн жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушат. Ал ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, сөз эркиндиги жана Кыргызстандын жалпы калкы, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн болгон адам укуктары маселесин талкуулайт. Катчынын орун басары ошондой эле аялдардын укуктарын кеңейтүү үчүн саясий лидерлер жана бизнес өкүлдөрү менен иштешет.

Exit mobile version