Site icon Reporter.kg

АКШнын Сенатору Трамптын тууганын Францияга элчи кылып дайындоого макулдук берди

АКШнын Сенатору Дональд Трамптын тууганы Чарльз Кушнерди Франциядагы элчиликке дайындоого макулдук бергенин Хилл гезити жазды.

«Сенаторлор Кушнердин талапкерлигин 51 макул жана 45 каршы добуш менен бекитүүнү чечишти», — деп жазат басылма.

Азыр отставкадагы юрист Чарльз Кушнер АКШ президентинин күйөө баласы Жаред Кушнердин атасы. 2005-жылы Кушнер шайлоо өнөктүгүнө мыйзамсыз салым кошкон, салык төлөөдөн качкан жана күбөлөрдү бурмалаган деп соттолгон. Жыйынтыгында ал эки жылга эркинен ажыратылды. Трамп аны 2020-жылы кечирген.

Exit mobile version