Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы окуяда каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндө токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду.
Бүгүнкү күндө 20 адам жөлөк пул алып жатканы такталды. Ал айына 3 миң 700 сомду түзөт.
Башкармалык азык-түлүккө, эң керектүү товарларга, дары-дармектерге жана медициналык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулашына карабастан төлөмдөрдүн көлөмү өзгөрбөгөнүн эске салды. Жөлөк пулду 4 миң 500 сомго чейин көтөрүү пландалууда.
Аксыда 2002-жылдын 17-мартында Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге ок атылып, алты адам каза тапкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз