Аксы районунда 5 жашар кыздын зордукталганы боюнча медициналык-экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Аксы районунда 5 жашар кыздын зордукталганы боюнча медициналык-экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 5 жашар кыздын зордукталганы тууралуу маалымат такталбаганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан бул малымат такталбаганын кабарлашты.

«Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, жашы жете элек кызга карата зордуктоо болбогону аныкталды. Учурда 5 жаштагы кыз өз үйүндө ата-энесинин көзөмөлүндө», — деп билдирет маалымат кызматынан.

Маалыматка караганда, 20-декабрда Аксы районундук милициясына  жубайлар кайрылып, алар 19-декабрь күнү базарга кеткен маалда үйүнө белгисиз адам кирип, 5 жаштагы кызына ыпылас иш аракеттерди жасаганын билдиришкен.

Бул факты Жазык кодексиндеги 165-берене (“Ыпылас аракеттерди жасоо”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен бул ишке шектүү катары 1980-жылы туулган Аксы районунун тургуну кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>