Аксы районунда көз жарган окуучу. Ымыркайдын атасы табылды

Аксы районунда көз жарган окуучу. Ымыркайдын атасы табылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 7-класстын окуучусу көз жарган. Ымыркайдын атасына делип бүгүн, 5-апрелде Аксы районунун 2004-ж.т. тургуну А.К. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Буга чейин кыз баласынын атасы ким экенин айтпай жаткан.

Белгилей кетсек, Аксы  аймактык  ооруканасынын дарыгери  102 телефон аркылуу кабарлап, анда 1-апрель күнү саат 07:00 чамасында  Аксы  районунун Кара-Суу  айылынын 2007-жылы туулган тургуну  Аксы  аймактык ооруканасынын  төрөт бөлүмүндө төрөгөнүн кабарлаган.

Бул маалымат Аксы РИИБдин  маалымат каттоо электрондук журналына “Зордуктоо” беренеси менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>