Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 7-класстын окуучусу көз жарган. Ымыркайдын атасына делип бүгүн, 5-апрелде Аксы районунун 2004-ж.т. тургуну А.К. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.
Буга чейин кыз баласынын атасы ким экенин айтпай жаткан.
Белгилей кетсек, Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери 102 телефон аркылуу кабарлап, анда 1-апрель күнү саат 07:00 чамасында Аксы районунун Кара-Суу айылынын 2007-жылы туулган тургуну Аксы аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө төрөгөнүн кабарлаган.
Бул маалымат Аксы РИИБдин маалымат каттоо электрондук журналына “Зордуктоо” беренеси менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.